• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дистанттык билим берүү: Ошто муктаж болгон үй-бүлөлөргө 321 сыналгы, 200 уюлдук телефон таратылды

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө 321 сыналгы жана 200 уюлдук телефон таратылды. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, шаарда ар бир окуучу дистанттык негизде окуп жатат.

"Шаардык мэрия 14-апрелде дистанттык негизде билим берүү башталган күндөн тартып анализ жүргүзүп, шарты жок үй-бүлөлөрдү аныктап чыкты. Учурда жалпы 74 миң 348 окуучу аралыктан билип алууда. Ал эми 321 үй-бүлө сыналгыга муктаж болгону аныкталган. Алардын баары сыналгылуу болушту. Ошондой эле 200 үй-бүлөгө мобилдик телефон жеткирип бердик", - дейт ал.

Вице-мэр маалымдагандай, Ош шаарында 6 миң 736 бүтүрүүчү ЖРТ тестине даярданып жатат.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий