• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дистанттык окуу: 4 миң 782 үй-бүлөдө телевизор, 65 миң 616 окуучуда смартфон жок - Боронов

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Аймактарда аярлуу катмардагы 4 миң 782 үй-бүлөдө телевизор, 65 миң 616 окуучуда смартфондор жок экендиги аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Учурда дистанттык окутууга карата мугалимдерди техникалык каражаттар менен камсыз кылуу маселеси чечилүүдө. Алдын ала жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, аймактарда аярлуу катмардагы 4 миң 782 үй-бүлөдө телевизор, 65 миң 616 окуучуда смартфондор жок экендиги аныкталды. Техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча донорлор тараптан окуучуларга жардам көрсөтүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий