• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ДКО-2018: Байге фонду 28 млн сомду түзөт

ДКО 2018 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. 2018-жылдын сентябрь айынын башында Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 28 млн сомду түздү,-деп билдирди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев.

Экинчи ДКОнун жалпы байге фонду 27 млн сомду түзгөн.

Арпачиев кошумчалагандай, 2018-жылда спорттун 37 түрү боюнча 582 медаль ойнотулат.

Ал билдиргендей, биринчи көчмөндөр оюндарында 166 жуп медаль ойнотулса, экинчиде 387 медаль коюлган.

Пикир

Оставить комментарий