• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ДКО-2018 биринчи тандоо: Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Коом 0

Бишкек, 05.03.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргызстандын алыш боюнча чемпионаты башталды. Бул спорттчук иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан карата биринчи тандоо турнири болуп саналат.

Аталган спорттун түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, ДКОдо өлкөнүн атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Ош шаарыларынан спортчу катышат. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында эл аралык күрөш федерациясынын эрежелери менен өтөт.

Турнир эки күнгө созулат.

Белгилей кетсек, турнир алты салмактык категория боюнча өтөт:

- Эркектер арасында эркин стиль (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг ашуун) жана аялдар арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг ашуун);
- Эркектер арасында классикалык стиль (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг ашуун) жана аялдар арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг ашуун).

Уюштуруучулар спорттун аталган түрү боюнча улуттук дирекциясы.

Дирекциянын бюджетинен чемпионатты өткөрү үчун 158 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий