• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДКО-2018: Кырчын этношаарчасына акы төлөнүүчү кичи-бустар каттайт

ДКО 2018 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн, 3-6-сентябрда Кырчын капчыгайындагы этношаарчага акы төлөнүүчү кичи-бустар каттайт.

Жүргүнчүлөрдү жыйноочу негизги түйүндөр белгиленди:

- Чолпон-Ата шаарынын автобекети;

- Чолпон-Аты шаарынын ат майданы;

- «Ысык-Көл Аврора» санаторийи ( Булан-Сөгөттү айылы);

Жол киренин баасы аралыкка жараша бир адамга 50 сомдон 70 сомго чейин. Кырчын капчыгайына жеңил унаалардын кыймылы бир гана багытта жүрөт. Унаалар Семёнов капчыгайынан кирип, Григорьев капчыгайынан чыгат.

Кырчындын өзүндө жогорку даражалуу конокторду ташыган кортеждердин учурунда убактылуу чектөөлөр менен жүргүнчүлөр үчүн автоунаалар эки багытта жүргүзүлөт. Кырчын этношаарчасында 10 миң автоунаага ылайык акысыз унаа токтотуучу (жеке нуаасы менен барган коноктор үчүн) жай каралып, ал этношаарчанын маңдайына жайгаштырылган (дареги: https://goo.gl/maps/BFMkdacLWoQ2 ).

Пикир

Оставить комментарий