• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДКО-2018: Кыргызстандын байге куржунунда 30 алтын медаль бар

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 07.09.18./Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Көчмөндөр оюндарында 78 медаль утуп, медалдык эсепте өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда келе жатат.

Оюндардын расмий сайты кабарлагандай, КРнын курама командасы 30 алтын, 25 күмүш жана 23 коло медаль уткан.

Экинчи орунда Россия келе жатат. Аларда 16 алтын, 9 күмүш жана 18 коло медаль бар. Үчүнчү орунда 49 медалы (11-17-21) менен Казакстан турат.

Кийинки орундарда Түркмөнстандын (23) жана Венгриянын (12) курама командалары бар.

Пикир

Оставить комментарий