• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДКО-2018: Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы финалга чыкты

ДКО 2018 0

Бишкек, 06.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты. Оюн бүгүн Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өттү.

Кыргызстан биринчи жарым финалдык оюнда Москванын командасын 23:5 эсеби менен жеңип алды.

Бүгүн жарым финалдын экинчи оюнунда Казакстандын жана Өзбекстандын курама командалары беттешет.

Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары финалда жолугушу толук мүмкүн.

Эске салсак, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында финалда Кыргызстан жана Казакстандын курама командалары ойношуп, кыргызстандыктар казакстандыктарды 15:3 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий