• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ДКО-2018. Монгол күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылынын Ден соолукту чыңдоо борборунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу монголдордун салттуу күрөшү Монгол бох боюнча мелдештер өттү.

Күрөштүн аталган түрүнө 14 өлкөдөн 14 спортчу катышты. Буга чейинки көчмөндөр оюндарында спорттун аталган түрү болгон эмес.

Турнирдин жеңүүчүлөрү:

1-орун – Дорж Анар – Монголия;

2-орун – Айдын Атансух – Кытай;

3-орун – Күрүчбек уулу Уларбек – Кыргызстан;

3-орун – Монгуш Айдын – Россия (Красноярск)

Байге фонду 140 миң сомду түзөт.

Алтын медалдын ээси 70 миң сом, күмүш медалдын ээси 35 миң сом жана коло медаль уткан спортчулар 17 миң 500 сомдон алышат.

Монгол бох – монголдордун салттуу күрөшү.

Кармашка эки күрөшчү катышат. Атаандашын аянтчадан сырткары түртүп чыгарган же анын таманынан башка дене бөлүгүн жерге тийгизген катышуучу жеңишке жетет.

Бут менен чалуу, көтөрүп чабуу, кол менен туткундоо жана андан чыгуу, булкуу жана түртүү ыкмаларына жол берилет. Күрөштө кол менен буттан алууга да болот. Жер үстүндө күрөштүн улантылбаганы, байыртадан жоокерлер жалаң ат үстүндө болгондугун түшүндүрөт. Жеңиштин эң ардактуу түрү бул атаандашын чалкалатып жыгып, тизеси менен жерге ныгыруу болуп саналат.

Команданын курамы эки адамдан турат: 1 спортчу, 1 машыктыруучу.

Мелдештерге 18 жаштан жогору спортчулар катыша алат. Мелдештер эркектердин арасында абсолюттук салмак категориясында, Монголиянын улуттук күрөш федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлөт.

Абсолюттук салмак категориясында жеңишке жеткен адам “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” мелдешине катышуу укугуна ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий