• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ДКО - 2018: Спорттук жана интеллектуалдык оюндар өтүүчү жерлердин тизмеси

ДКО 2018 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эмне кайсы жерде өтө турганын билүүгө мүмкүн болгон алдын ала тизме жарыяланды.

Ысык-Көл облусунда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинин көчмө жыйыны өтүп, анын алкагында ДКОнун иш-чаралары өтө турган жерлер каралган.

“Газпром” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде күн сайын алыш күрөш, кыргыз күрөш, гуштини милли камарбанди, казак куреси, гореш, пахлавани, гюлеш, ашыртмалы аба гюреши, кураш, самбо жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү боюнча мелдештер өтөт.

Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин унаа токтотуучу жайында 3-сентябрдан 5-сентябрга чейин армрестлинг, мастрестлинг, сумо, монгол бох жана сирым боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн сахна орнотулат.

Ат майданында 3-7-сентябрь күндөрү көк бөрү, ат жарыш, эр эңиш жана аркан тартыш боюнча турнирлер өтөт.

“Кырчын” этношаарчасында салбуурун – бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, ордо, жаа атуу болот.

Спорттун интеллектуалдык түрлөрүн пансионаттардын биринин жыйын залында өткөрүү пландалууда.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, иш-чаралар өтүүчү жайларды даярдоо кызуу жүрүүдө. Аянттарды жасалгалоо жана логистика боюнча маселелер эле калды.

Пикир

Оставить комментарий