• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ДКО-2018: Спорттун кайсы түрлөрү болот жана канча өлкө чакырылды

ДКО 2018 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Бул жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрү болот. Бул тууралуу Бишкекте “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана Ысык-Көлдө көчмөндөр айылын куруу тууралуу” видео-маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, оюндардын биринчи мелдешинде спорттун 10 түрү боюнча 19 өлкө катышкан. Экинчи ДКОдо 62 мамлекеттен келген 1200 оюнчу спорттун 26 түрү боюнча ат салышкан.

“Бул жолу спорттун 37 түрүн пландоодобуз, анын 16сы улуттук, калгандары башка мамлекеттердики. 250 өкүл калыстык кылышат, алардын 118и эл аралык деңгээлдеги калыстар. Эки жаңы өзгөрүш болот – бул “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” (бир гана жеңүүчү), “Улуу жеңүүчүлөр китеби” (улуу күрөшчү, көк бөрү боюнча улуу оюнчу ж.б.)”,- деди ал.

Арпачиев фестиваль негизинен төрт жерде өтө тургандыгын билдирди.

Алар: ат майданы, “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплекси, санаториялар жана Кырчын капчыгайы.

Арпачиев кошумчалагандай, бул жылы дээрлик дүйнөнүн 120 өлкөсү чакырылды, каалоочулар абдан көп.

Пикир

Оставить комментарий