• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ДКО – 2018: Ысык-Көл облусунун милиционерлери англис тилин үйрөнө башташты

Аймак 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында англис тилин үйрөнө башташты. Маалым болгондой, оюндардын ачылыш аземи 2-мартта Чолпон-Атадагы ипподромдо өтөт.

Облустук милициянын жеке курамына туристтердин, келе турган коноктордун коопсуздугун сактоодо чоң жоопкерчилик жүктөлөт,-деп билдирди облус ИИБнин басма сөз жетекчиси Сталбек Усубакунов.

“Аны менен бирге милиционерлердин чет тилин үйрөнүү боюнча маселе иштелип чыккан. Бул деген өз кезегинде чет элдик коноктордун билдирүүсүнө дароо көңүл бурууга мүмкүндүк берип, милициянын имиджине оң таасирин тийгизет”,-дейт ал.

Анын айтымында, март айынын ортосунда милиционерлер англис тилин үйрөнүүгө киришкен. Окуу жумасына бир жолу болуп, узактыгы бир саатка созулат.

Усубакунов билдиргендей, окутуулар К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик педагогикалык окуу жайында болуп жатат.

Маалыматта айтылгандай, ийрим 3 топко бөлүнгөн, баштапкы, ортоңку жана улантуучу. Курс аяктагандан соң, милиция кызматкерлери тест түрүндө сынактан өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий