• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДКО-2018: Өзбекстандан келген делегаттар аш даярдоонун сырлары менен бөлүшүштү

ДКО 2018 0


Ысык-Көл, 04.09.18 /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында Кырчын этношаарчасында Өзбекстандын боз үйүнүн алдында коңшу өлкөдөн келген делегаттар өзбек ашынын даярдалышын көрсөтүштү.

Боз үйдө улуттук тамак-аштар, кийим-кечелер жана ашкананын атрибуттары коюлган.

Ашчы Жалал Аблазов ашты 14 жашынан баштап бышыра баштаганын айтты. Алгач бир килограммдан достору үчүн жасап жүргөн. Жыл өткөн сайын чоң казандарга бышырганды үйрөнгөн. Анын досу Али “Аладиндин лампасында” тандыр шишкебегин жасайт. Боз үйдө улуттук кийим, таттуулар дагы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий