• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ДКО-2018: Жорго салыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 06.09.18. /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жорго салыш боюнча мелдеш өттү.

Уюштуруучу Марат Аскарбековдун айтымында, жарышка 7 өлкө катышкан, бардык байгелүү орундарды кыргыз чабандестери алышкан.

“Бул жакшы көрсөткүч! Биздин чабандестердин ишинин жана даярдыгынын көрсөткүчүн көрсөтүп турат”, - деп билдирди ал.

Биринчи орунду “Вулкан” аттуу аргымак алды, кожоюнуна 350 миң сом берилди.

Жеңүүчүнүн машыктыруучусу Мыктыбек Токтосунов Вулкандын жеңиштери тууралуу журналисттерге айтып берди.

“Бул аргымак биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында үчүнчү орунду алган, экинчи оюндарда жана үчүнчүдө да жеңишке жетти. Биз аны менен беш жылдан бери иштейбиз, өзү 8де. Эгерде саламаттыгы жакшы болсо, анда Түркияда өтө турган кийинки оюндарга даярдайбыз”, - деп билдирип, өзү 47 жашта экендигин айтып, бул жумуш менен 14 жашынан бери алектенип келе жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий