• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ДКО: Көк бөрү боюнча Өзбекстандын курамасы казак улакчыларын утуп, финалга жолдомо алышты

ДКО 2018 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдеште Өзбекстандын курамасы казак улакчыларын утту. Оюн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болду.

Жарым финалда Өзбекстандын курамасы 5:4 эсебинде Казакстандын улакчыларын утуп алды.

Мурдараак кыргыз улакчылары Москванын курамасын 23:5 эсебинде утуп, финалга чыккан.

7-сентябрда саат 16:00дө Көчмөндөр оюндарынын коло медалы үчүн Казакстан менен Москванын курамалары ойношот. Финалдык беттеш саат 18:00дө болуп, биринчи орун үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын улакчылары оюн талаасына чыгат.

Байге фонду 6 млн. 200 миң сом. Биринчи орун үчүн 3 млн. сом, экинчи орунга – 1,5 млн. сом, үчүнчү орун – 1 млн. сом. Мыкты улакчыга жана мыкты күлүккө 100 миң сом берилет.

Эске сала кетсек, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын курамалары беттешкен. Анда кыргыз улакчылары Казакстандык спортчуларды 15:3 эсебинде утуп алышкан.

Пикир

Оставить комментарий