• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДКО: Кырчын жайлоосуна алып баруучу унаа жолду шагыл менен оңдоп-түздөө иштери аяктады

ДКО 2018 0

Бишкек, 09.08.18 /Кабар/. 7-августта Кырчын жайлоосуна алып баруучу 34,7 чакырым авто жолду шагыл менен оңдоп-түздөө иштери аяктады. Бул иштердин алкагында: узундугу 13,7 чакырым болгон Григорьевка – Көл – Кашка-Суу авто жолу, узундугу 21 чакырымды түзгөн Семеновка – Аксуу авто жолу, ошондой эле Семеновка – Аксуу авто жолунун 15-чакырымында көпүрөлөрдү кеңейтүү иштери аяктады.

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциянын ички жолдоруна жана Рух Ордонун кайрылышына, асфальт жаткыруу толугу менен аяктады. Жалпысынан 81266,0 м2 аянтка асфальт төшөлдү.

Ысык-Көл районунун Бактуу-Дөлөнөтү айылы аркылуу Чолпон-Ата – Бостери авто жолу боюнча көпөрөлөрдү (3 бирдик) оңдоолорду эске алуу менен узундугу 3,7 чакырым айланып өтүүчү жолду шагыл менен жабуу боюнча бүгүнкү күндө жолдун негизги бөлүгүн кеңейтүү багытында шагыл, кум аралаштырмаларын ташуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан 8 Хово маркасындагы автоунаа жана бир эксковатор тартылган.

Ысык-Көл районундагы Тамчы айлындагы аэропорттун кире беришине (52х137м) унаа токтотуучу жай даярдоо жана шагыл менен жабуу, жолду пландоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле оптималдуу аралашмаларды ташып жеткирүү жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин аяктоо 2018-жылдын 15-августуна чейин пландалган.

Аврора (0,3 км), Акмарал (1,1 км), Карвен (0,7 км) жана Кыргызское взморье (2,6 км) пансионаттарына алып баруучу жалпы узундугу 4,7 чакырым авто жолдорго асфальт төшөө иштери боюнча локалдык смета түзүлгөн. Бүгүнкү күндө каржы булактарын аныктоо маселелери жана курулуш иштерин ыкчам аткаруу каралып жатат. 2018-жылдын 7-августуна карата 2018-жылы асфальт-бетон төшөө катмарынын алдынкы жана үстүнкү катмары Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду авто жолунда төмөнкү бөлүктөрдө 27,5 чакырымга аткарылган:

-23төн 33 чакырымга узундугу 10 чакрым (сол тарабы);

- 33төн 43,5 чакырымга узундугу 10,5 чакырым (эки тарабы) жана 10 чакырым үстүнкү катмар сол тарабы;

- 85тен 104 чакрымга узундугу 7 чакырым (орундарда);

мындан сырткары 7 чакрымдан 23 чакрымга жасалма курулмалар менен байланышкан трубаларды алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий