• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДКО: Кыргызстандын салттуу жаа атуу боюнча курама командасы 3 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын салттуу жаа атуу спорту боюнча курама командасы 3 медаль жеңди.

Жекелик беттеште кыздар арасында Асел Садырова 3-орунду ээледи.

Ошондой эле Ынтымак Мурадил уулу, Шарабидин Сапаралиев, Бакыт Токтоматов командалык эсепте эркектер арасында 1-орунду ээлешти.

Ал эми Асел Садырова, Назгүл Шапиева жана Седеп Төрөгелдиева кыздар арасында командалык жарышта коло байгенин ээлери болушту.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сыноодо: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий