• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ДКО: Малчылар жана касапчылар кызыккан тажик соодагеринин бычактары

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 07.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аянтчаларында өткөн жарманкеде кыргыздар тажик усталары жасаган бычактарды сатып алышууда.

Тажикстандан келген Зариф аттуу соодагер Бишкекке “Оймо” фестивалына катышуу үчүн келген. Аталган фестивалга ал 4 жылдан бери катышып келет.

“Көчмөндөр оюндарына биринчи жолу катышып жатам. Сатык жакшы болуп жатат. Бардык чыгымдар акталды десем жаңылышпайм”, - деди ал.

Зарифтин айтымында, анын товарларына көбүнчө малчылар жана касапчылар кызыгышууда. Баалар 500 сомдон башталат.

Пикир

Оставить комментарий