• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДКО: Монголиянын көк бөрү боюнча курама командасы алгачкы жолу жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 04.09.18 /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылынын ипподромунда экинчи күн көк бөрү оюндары өтүүдө. А тобунда Монголиянын курама командасы Алтайдан келген команданы 1:0 эсебинде жеңип, алгачкы упайга ээ болду.

3-сентябрда биринчи топтук оюндардын жүрүшүндө Кыргызстандын жана Монголиянын курама командалары жолугушкан. Кыргызстандык спортчулар атаандаштарын 29:5 рекорддук эсеби менен утуп алышкан. Өзбекстандын курама командасы Башкортостандан келген команданы 19:1 эсебинде уткан. Москва шаарынан келген көк бөрү боюнча курама команда Афганистанды 7:2 эсебинде уткан.

Бүгүн Красноярск шаарын курама командасы жана АКШнын курама командасы күч сынашат. Башкортостан франциялык командага каршы чыгат.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча топтор төмөнкүдөй болуп түзүлгөн:

А тобу: Кыргызстан, Алтай, Монголия

В тобу: Москва, Кытай, Афганистан

С тобу: Казакстан, АКШ, Красноярск

D тобу: Башкирия, Франция, Өзбекстан

Жалпысынан медалдар үчүн 4 топко бөлүнгөн 12 топ оюн көрсөтүшөт. Жарым финалга өздөрүнүн тобунда 1-орунду алган командалар чыгат.

Пикир

Оставить комментарий