• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДКО: Оюндарда көрсөткөндөрүбүздү эки күндүн ичинде өздөштүрдүк – АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 06.09.18. /Кабар/. АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалына чыга алган жок. Бирок калыстар белгилешкендей, алар татыктуу оюн көрсөтүштү.

Оюнчулар машыгуу үчүн убактылары аз болгонун айтышты. Ал эми оюн талаасында көрсөткөндөрүн эки күндүн ичинде үйрөнүп алышкан. Андан сырткары алар жаңы аттарга көнүүдө кыйналышканын билдиришти.

“Көк бөрү тууралуу мен алгачкы жолу 3 жыл мурун уккам. Агам дүйнөнүн акыркы чемпионатында америкалык команданын капитаны болгон. Ошондо ал мени Казакстан менен болгон оюнга чакырган. Андан кийин мен да ойной баштадым. Бул жактан бизге кыргыз аттарына көнүү кыйын болду”, - деди курама команданын капитаны Геральд.

Жалпысынан анын айтымында, коноктор оюндун эрежелерин өздөштүрүүдө кыйынчылыкка дуушар болушкан эмес. Америкалыктардын айтымында, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө убакыт жана тажрыйба аздык кылган.

Пикир

Оставить комментарий