• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ДКОдогу бизнес: Жарманкенин соодагерлери чыгашаларын акташууда

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 07.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чет элдик туристтер үчүн масштабдуу шоу гана болбостон, байыркы жана салттык товарлардын жарманкеси дагы болду.

Бекжан Мембеталы уулу оюндарга атайын кол өнөрчү апасы тарабынан жасалган шырдактарды жеңил унаасына салып алып келген. ДКОнун аянтчаларындагы соода жарманкесине катышып, алынып келинген товардын жарымын сатууга жетишкен.

“Мен колго жасалган шырдактарды унаама салып алып Нарын облусунун Ат-Башы районунан келдим. Алардын көбү жуунуучу бөлмөгө, кире беришке жана унаага ылайыкталган. Буларга көбүнчө чет элдик туристтер кызыгышат. Алар талыкпаган кол эмгегин баалашып жатат”, - деди ал.

Бул жактагы соода күч аракеттерди жана чыгымдарды актадыбы деген суроого ал оң жообун берди. Чет элдиктердин көпчүлүгү шырдак сатып алышууда. Анын бардык товарына болгон орточо баа 6 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий