• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДКОго катышуу үчүн чакыруу жөнөтүлүүдө. Көптөгөн өлкөлөр макулдугун беришти – элчи

ДКО 2018 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 27 өлкөгө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу жөнөттү, көпчүлүгү макулдугун беришти. Бул тууралуу видео-маалымат жыйында КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүгү макул болуп, келе тургандыктарын билдиришүүдө.

“Ошондой эле РФнын 30 субъектилерине чакыруу жөнөттүк, анткени катышуучулардын көпчүлүгү Россиянын курамасынын курамында болчу. Бүгүнкү күндө көпчүлүгү келе тургандыктарын билдиришти. 12-14нө чейин Казанда болдум, анда Татарстандын курамасы III ДКОго келе тургандыктарын президент айтты”,-деп билдирди ал.

Ошондой эле ал учурда Австралия, Польша жана АКШдан келе турган журналисттерди аккредитациядан өткөрүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2-сентябрда баштала турган ДКО бул жылы үчүнчү жолу Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий