• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДКОнун унаа токтотуучу жайлары ачылыш күнүндө 30 миң унааны батырды

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 06.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болгон күнү ат майданынын жана Ден соолукту чыңдоочу борбордун унаа токтотуучу жайлары 30 миң унааны батырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч иш-чара туристтердин жана катышуучулардын рекорддук санынын келиши менен башталганынан кабар берет.

“Оюндардын ачылышына 2 миңден ашуун артист катышты. Кырчын жайлоосунда алдын ала 13 кичи шаарча жана миңден ашык боз үй тигилген. Программа боюнча алар кыргыздардын каада-салттарын жана маданий турмушун көрсөтүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Туристтердин мындай чоң агымы белгилүү бир көйгөйлөрдү дагы пайда кылды. Жаманкуловдун айтымында, коомдук дааратканалардын, унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги байкалып, жерлерди таштандылардан өз убагында тазалоо боюнча кыйынчылыктар жаралган.

“Бирок бардык маселелерди чечүүгө болот. Бул кыйынчылыктардын баары негизинен ачылыш күнүндө болгон. Кийинки күндөрү уюштуруучулар бардык аракеттерди колго алууга аракеттеништи”, - деп билдирди туристтик ведомствонун директору.

Бүгүн Кырчындагы этношаарчанын расмий жабылышы болуп, ал гала-концерт менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий