• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дмитрий Медведев Абылгазиевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында төмөнкүдөй белгиленет:

«Бул күндөрү биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жашоо укугу жана келечек муундун эркиндиги үчүн улутчулдук менен кармаштагы эрдигин ыраазычылык менен эскеребиз. Согуш талаасында бекемделген достук жана боордоштук россия-кыргыз шериктештигинин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн пайдубалы катары кызмат өтөйт. Мындан ары карай да ушундай болот деп ишенем».

Ошондой эле Дмитрий Медведев Кыргызстанда жашаган ардагерлерди жана тылдын эмгекчилерин куттуктап, аларга бакубат жашоо, бакыт жана узак өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий