• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Дмитрий Медведев август айында Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев ушул жылдын август айында Кыргызстанга келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын аппаратынын протокол башкармалыгынын башчысы Тимур Рустамов парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Вячеслав Володиндин жакында эле Бишкекке болгон сапары жөнүндө айтып жатып билдирди.

"Бизден кийин эле тышкы иштер министринин сапары болду. Август айында өкмөт башчысынын сапары белгиленип жатат", - деген Рустамов.

Белгилей кетсек, Володин 18-20-май күндөрү Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттер ассамблеясынын отурумуна катышкан.

Пикир

Оставить комментарий