• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дмитрий Медведев Кыргызстан элин жана президентти Жаңы жыл менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев КР президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Өтүп бара жаткан жылда Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтык ийгиликтүү өнүктү. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык кеңейип, ар түрдүү тармактарда ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу улантылды.

2020-жылы Россия менен Кыргызстандын "кайчылаш жылын" өткөрүүгө өзгөчө маани беребиз. Мындан ары өнөктөштүктү бекемдөө биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берип, Евразиялык экономикалык биримдиктеги интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга өбөлгө түзөт деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө жаңы ийгиликтерди, Кыргызстандын дос элине — тынчтык жана бакубатчылык каалайм», — деп айтылат Дмитрий Медведевдин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий