• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди. Сүрөт

Саясат 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Дмитрий Медведевди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий