• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дмитрий Медведев Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

“Биз Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын согуш талаасында эрдиги жана тылда жан аябас эмгеги менен коргогондордун эрдиктерин ыраазычылык менен эсибизде түбөлүккө сактайбыз.

Согуш жылдарындагы оор сыноолордон өткөн Россия менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы бекем достук мындан ары да биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүү үчүн ишенимдүү таяныч болуп кызмат кыла берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Дмитрий Медведев Кыргызстанда жашап жаткан ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий