• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Добуш берүү аяктады. ИИМ тарабынан 12 сааттын ичинде 68 факты катталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшүндө ИИМ тарабынан жалпы 68 факты катталды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте сегиз, Чүйдө 24, Ош шаарында тогуз, Ош облусунда жети, Баткенде алты, Нарында тогуз, Таласта үч, Ысык-Көлдө бир жана Жалал-Абадда бир факты катталды.

“Жеринде териштирүү иштери жүрүүдө. Алар мыйзамга ылайык каралат. Фактылар дагы көбөйүшү мүмкүн”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү.

Саат 18:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча 1 млн 50 миң 163 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түзөт. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 1 млн 37 миң 373 шайлоочу (28,66%) добуш берди.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 6 миң 609 (7,86%) адам өз тандоосун жасады.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 түзөт.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий