• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Добуш берүү күнүн чагылдыруу үчүн БШК тарабынан 300дөн ашуун ЖМК өкүлү аккредитацияланган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. 11 өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 92 өкүлү Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо жана референдумду чагылдыруу үчүн Тышкы иштер министрлигинин алдында аккредитацияланган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

30-декабрга карата КР ТИМи төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн каттаган: Россия – 33, Япония – 5, Улуу Британия – 14, АКШ – 1, Франция – 5, Катар – 4, Германия – 19, Украина – 1, Тажикстан – 2, Беларусь - 4, Азербайжан - 4 ЖМК өкүлү.

Ошондой эле президентти шайлоону чагылдырууга Кыргызстандын 217 ЖМК өкүлү, ал эми референдумду чагылдырууга 51 ЖМК өкүлү каттоодон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий