• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Добуш берүү учурунда шайлоо участкаларында ачык жана одоно мыйзам бузуулар болгон жок — юрист

Коом 0

Күн мурун, 11-апрелде Кыргызстандын аймагында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум болуп өттү. Алдын ала жыйынтыкка караганда, жаңы долбоор үчүн шайлоого катышкандардын 79%дан ашыгы добуш берген. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы региондор боюнча статистика берди:

  • Бишкек шаары: “Макул” – 60,8%, “Каршы” – 36%;
  • Ош шаары: “Макул” – 80,25%, “Каршы” – 12,12%;
  • Жалал-Абад облусу: “Макул” – 84,23%, “Каршы” – 8%;
  • Ысык-Көл облусу: “Макул” – 85,18%, “Каршы” – 9,11%;
  • Нарын облусу: “Макул” – 82,76%, “Каршы” – 11,22%;
  • Ош облусу: “Макул” – 84,57%, “Каршы” – 7,58%;
  • Талас облусу: “Макул” – 74,98%, “Каршы” – 16,05%;
  • Чүй облусу: “Макул” - 70,9%, “Каршы” – 21,31%;
  • Баткен облусу: “Макул”– 84,2%, “Каршы” – 8,82%.

Референдумдун жүрүшү жана анын маанилүүлүгү тууралуу юрист Нурлан Шерипов айтып берди. Ал маалымдагандай, референдумду өткөрүүнүн маанилүүлүгү 10-январда өткөн шайлоо менен түшүндүрүлөт. Анда шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик башкаруу формасын тандашарын билдиришкен.

«Шайлоочулардын ушул эркине ылайык, жаңы Конституция иштелип чыкты. Баса айта кетчү жагдай, мыйзам чыгаруучу бутактын ошондой эле кеңири ыйгарым укуктарды сактап калды, болгону жоопкерчилик пайда болду. Эми министрлер кабинети президенттин алдында жоопкерчиликтүү болот. Ошондой эле эми президент "ачык сахнага" чыгат. Акыркы 30 жылдын ичинде президент баарын чечип, чечимдерди кабыл алып келген, бирок жоопкерчилик алган эмес. Эми президент өзүнүн чечимдери үчүн жооп берет. Жоопкерчилик деген — бул эл жоопкерчиликтүү, конкреттүү жана так өкмөттүн астында жашоону каалайт дегенди түшүндүрөт», - дейт юрист.

Эксперттин айтуусуна таянсак, шайлоо участкаларында ачык жана одоно мыйзам бузуулар болгон жок. Бирок Шерипов тарыхта таза шайлоо болбогондугун жана болбойт экендиги айтты.

«Азыр деле айрым күмөн саноолор бар. Ошондуктан да шайлоодо ыплас технологияларды колдонушат. Адамдын табияты өзү ушундай. Калктын бир бөлүгү тиги же бул команданы колдоп, белгилүү бир тобокелдикке барууга даяр турушат. Менин көз карашым боюнча, шайлоо салыштырмалуу таза өттү. Албетте, мүчүлүштүктөр болду, алар бар жана боло берет», - дейт Шерипов.

Пикир

Оставить комментарий