• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурзаевдин голу Азия Кубогунун "1/8 финалынын мыкты голуна" ат салышууда

Спорт 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаевдин 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) дарбазасына киргизген голу "1/8 финалынын мыкты голуна" ат салышууда. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын сайтында айтылат.

Уюштуруучулар белгилегендей мындай тандоо тайпалык беттештерде да өтүп, анда вьетнамдык футболчу Нгуен Куанг Хай жеңген.

Мыкты гол наамына ат салышып жаткандар: Baha Abdelrahman (Иордания-Вьетнам), Nguyen Cong Phuong (Вьетнам-Иордания), Mirlan Murzaev (Кыргызстан-БАЭ), Ali Mabkhout (БАЭ-Кыргызстан), Kim Jin-su (Түштүк Корея-Бахрейн), Bassam Al Rawi (Катар-Ирак).

Бул шилтеме аркылуу кирип добуш берүүгө болот.

Эскерте кетсек, Азия Кубогунда Кыргызстандын курамасы 1/8 финалдык баскычта БАЭге утулуп, мелдештен четтеген.

Пикир

Оставить комментарий