• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Добуш саткандар жана сатып алгандар жоопко тартылат. Президент алдыдагы шайлоого байланыштуу билдирүү жасады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы барасында алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу билдирүү калтырган.

Анда мындай деп жазылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин.

Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси.

192-берене. Шайлоочуларды сатып алуу

1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды төлөп берүү, же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алууга өбөлгө түзүү жолу менен шайлоочуларды сатып алуу IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун V категориядагы айып пул салууга же

1-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

1-категория. Эркиндигинен ажыратууга (жашы жете электер - 1 жыл 6 айга, башка адамдар - 2 жыл 6 айга чейин) жазаланат".

Пикир

Оставить комментарий