• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Догоев: 2017-жылдын аягында “Манас” жана “Ош” аэропортторунда электрондук дарбаза орнотулат

Коом 0

Бишкек, 20.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын аягында “Манас” жана “Ош” аэропортторунда электрондук дарбаза орнотулат. Бул тууралуу “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңешменин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, биометриалык система менен интеграциялоо аягына чыкты.

“Азыркы учурда Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан жабдыкты орнотуу боюнча иш аткарылышы керек. МЧК тарабынан электрондук дарбаза 2017-жылдын 24-26-декабрь күндөрү орнотулуп, ишке киргизиле тургандыгы тууралуу маалымат айтылган”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий