• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Догоев: Биометрикалык паспортту бир катар банктар кабыл албай жатат

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Кыргызстандын бир катар банктары жаңы берилип жаткан биометрикалык паспортторду кабыл албай жатат.

Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев билдирди. Анын айтымында, банктар жаңы электрондук ID паспорттордогу чипти окуй алчу аппараттары жок экени менен түшүндүрүп жатышат. Учурда Каттоо кызматы 13 банк менен келишим түзгөн.

Быйыл 1-майдан тарта Кыргызстан биометрикалык паспортко өттү. Анда жарандын улуту картанын сыртына эмес, тиркелген чиптин ичине жазылган. Ушул күнгө чейин өлкө боюнча 102 миң адам электрондук ID паспортун алышкан.

Пикир

Оставить комментарий