• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Догоев: Өлкөнү санариптештирүү алкагында президент тарабынан коюлган 7 тапшырманын 5и аткарылды

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өлкөнү санариптештирүү боюнча президент тарабынан коюлган 7 тапшырманын бешин аткарды. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Дастан Догоев билдирди.

Ал белгилегендей, уюмдардын толук даяр эместигинен улам алдыга коюлган эки тапшырма аткарылбай калган. Алар - автоматташтыруу деңгээли жана жагымдуу мыйзам базасын түзүүгө байланыштуу.

“2019-жылы “Санарип аймак” аттуу санарип платформасын түзүү боюнча тапшырмалар коюлган. Тутумду иштеп чыгуу боюнча иштер башталган. Аны тестирлөө пландалууда”, - деп билдирди ал.

Догоевдун айтымында, маалыматтарды иштетүү борборун куруу пландалууда. Бүгүнкү күндө, анын концепциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий