• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Догоев: Региондорду «Санарип аймактын» жардамы менен өнүктүрүү башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатышы керек

Президент 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. «Региондорду „Санарип аймактын“ жардамы менен өнүктүрүү өлкө жана аймактык деңгээлдеги башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатышы керек», — деп баса белгиледи Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Дастан Догоев президент Сооронбай Жээнбековдун өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болуп өткөн санариптик диалогун комментарий кылып жатып.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жылдын соңуна чейин «Санарип аймак» долбоорун «Түндүк» системасы менен интеграциялоону аягына чыгаруу тапшырмасы берилген.

Дастан Догоев санариптик диалогдун жыйынтыгында саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык өнүгүү тармактарында санариптештирүү боюнча 2020-жылдын аягына чейин толук кандуу аткарыла турган бир катар маанилүү милдеттер коюлганын баса белгиледи.

«Биринчиден, бул — калктын санариптик жөндөмүн өстүрүү, ошондой эле өлкө жарандарынын санариптик маалымат технологияларын колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу», — деди ал.

Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда улуттук экономиканын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн экономиканын ар кайсы тармактарында санариптик технологияларды натыйжалуу жана комплекстүү киргизүү зарылдыгына токтолду.

«Президент Сооронбай Жээнбеков электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын жашоочуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүк потенциалын жогорулатуу үчүн шарт түзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанисине көңүл бурду», — деп белгиледи Дастан Догоев.

Ошондой эле анын берген маалыматына ылайык, санариптик диалогдун алкагында жеке улуттук жана эл аралык инвесторлорду тартуу үчүн лицензияларды жана уруксат документтерин берүү системасын санариптештирүү жолу менен шарттарды түзүп берүү, фискалдаштыруу маселесине карата салык башкармалыгынын тутумуна киргизүү, кабыл алуу жана иштөөнү электрондук форматта алууга шарттарды түзүүгө өзгөчө басым жасалды.

Ал ошондой эле мамлекет башчысы кибер жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн жарандарынын жеке маалыматтарын коргоого байланышкан тобокелчиликтерди эске алып, маалыматтарды электрондук форматта иштеп чыгуу боюнча бардык чараларды камтыган Бирдиктүү маалымат борборун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшыргандыгын маалымдады.

«Ар бир айылга чейин физикалык инфраструктураны жеткирүү жолу менен санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чаралар кабыл алынышы керек», — деп белгиледи Дастан Догоев.

Аны менен бирге ал онлайн билим берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын кошумчалады.

«Азыркы пандемия кырдаалы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берди, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү жаатында санариптик технологияларга өтүү жана ишке ашырууда санарип технологиялардын эсебинен сезилээрлик жана олуттуу жыйынтыктарга жетишти», — деп сөзүн жыйынтыктады Дастан Догоев.

Пикир

Оставить комментарий