• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Догоев: Республикалык ыкчам штабга көмөктөшүү максатында IT-штаб уюшулду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Коронавируска байланыштуу учурда түзүлгөн кырдаалдан улам Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) базасында ыкчам IT-штаб уюшулган. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Дастан Догоев өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, IT-штаб ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирет. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.

"Ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналат", - деп баса белгиледи Догоев.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген.

"Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg. Вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнө, тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берүүчү чат-боттор жана башка платформалар бар", - дейт ал.

Догоев билдиргендей, мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди - 1312.tunduk.kg. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий