• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Догоев: Санариптештирүү - туруктуу экономиканын өсүшүнө алып келет

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Санариптештирүү – бул замандын талабы. Аны өнүктүрүү туруктуу экономиканын өсүшүнө алып келет”, - деп баса белгиледи президенттин кеңешчиси Дастан Догоев.

“Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференциянын жүрүшүндө президенттин кеңешчиси аткаминерлерге санариптештирүү тууралуу толук маалымат берди.

Анын айтуусунда, 2017-жылы Россиянын жогорку экономика университети изилдөө жүргүзүп, калкынын 18 гана пайызы жаңы технологияларды колдоноору аныкталган. Ошондо да алар технологиядарды сатып алуулар болгон, ал эми 3% окуу убагында санарип технологияларды колдонуп келгендигин көрсөткөн. Кыргызстанда деле абал ошондой. Ошол себептен азыр баардык коңшу өлкөлөр санариптешүү стартегиясын жүзөгө ашырууда. Коңшу Казакстан, Россия, Беларусь аттуу өлкөлөр да акыркы эки жылда ушул багытта активдүү иш алып барууда.

“Санариптештирүү кошумча жумуш орундарын түзөт. Бул экономиканын өнүгүүсүндө жаны “жол картасы”, жакшы жетишкендиктердин жакшы философиясы десек жаңылышпайбыз. КР 2040-жылга чейин акылдуу технологияларды, системаларды колдонгон, ишкерлерге жана жарандарга сапаттуу кызматтарды көрсөткөн, потенциалы жогору өлкө болушу керек”,- деди ал.

Ал билдиргендей, санариптик көндүмдөрдү колдонуу, башкаруу системасынын эффектүүлүгүн жогорулатууга жол түзөт.

“Ошондой эле билим берүү тармагына санариптик билим берүүнү киргизүү маалыматтык технологияларды колдонуу менен билим берүүнү өнүктүрүү жана жогорулатууга, квалификациялык IT-адистерди даярдоого мүмкүндүк берет. Мектептерди интернетке кошуу менен бир эле күчтүү мугалим бир убакта миң окуучуну окутууга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын толук билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деди ал.

“Мисалы “Түндүк” системасы аркылуу 245 миң жаран электрондук системаларды колдонгон. Буга айыл өкмөттөрү, почта кызматтары да кирет. Бул жакшы жыйынтык. Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү, эсеби жок маалымкат-негиздемелерди талап кылууну жокко чыгарат. Бул абдан маанилүү деди”, - ал.

Пикир

Оставить комментарий