• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Doha Cup U-23: Кыргызстандык футболчулар Омандын командасына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын 23 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча курама командасы Doha Cup турниринде Омандын командасы менен беттешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Эки команданын беттеши 2:0 эсебинде Омандын жеңиши менен аяктады. Ал эми 28-мартта Кыргызстандын курамасы Вьетнамдын командасы менен оюн талаасына чыгат.

Белгилей кетсек, International Cup U-23 - бул Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Ирак, Түштүк Корея, Таиланд, Вьетнам, Кыргызстан, Оман жана Кувейт сыяктуу Азия континентинин бардык өлкөлөрүнүн командалары арасында жыл сайын өтүүчү эл аралык турнир. Ал ошондой эле Doha Cup турнири катары белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий