• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын кызматташтык маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрь күнү Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи менен жолушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда Эшимбеков КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Катардын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдулрахман Аль-Таниге жолдогон катын тапшырган.

Жолугушуудо кыргыз-катар кызматташтыгы, анын ичинде буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болгон.

Эшимбеков маектешине учурдагы Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, өлкөдөгү кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаада өнүгүп жаткандыгын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий