• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дохада энергетика тармагындагы кыргыз-катар кызматташуусун өнүктүрүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 05.10.17. /Кабар/. Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Дохада “Небрас Пауэр” катардык энергетикалык компаниясынын башчысы Халид Джоло менен жолугушту.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө энергетика тармагында кыргыз-катар кызматташуусу талкууланды.

Элчи Ниязалиева өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы, энергетикалык ири долбоорлор, эл аралык келишимдердин алкагында электр энергиясын экспорттоо мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат берди. Ал катардык инвесторлорго бул багыттагы тыгыз кызматташуу жолдорун карап көрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында маалымат алмашуу жана сапарларды уюштуруу тууралуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий