• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дохада Кыргызстан менен Катардын жарандык авиация жаатында кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-ноябрында Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Жарандык авиация башкармалыгынын президенти Мохамед Фалех Аль - Хажери менен жолугушуу ѳткѳрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жарандык авиация тармагындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий