• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Доллардын курсу кымбаттады: Улуттук банк валюта рыногунда 14,2 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. КР Улуттук банкы валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Улуттук банк валюта рыногунда 14,2 млн доллар саткан (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен – 10 млн доллар, бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен – 4,2 млн доллар).

Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери сегизинчи ирет интервенция жасап, жалпы 210,4 млн доллар сатты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттаган. Учурда көпчүлүк банктарда долларды сатып алуу 84,30 сом, ал эми сатуу 85 сомду түзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий