• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Доллар курсунун көтөрүлүшү: Улуттук банк интервенция жасады

Экономика 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн КР Улуттук банкы интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Бул ирет Улуттук банк 3,7 млн доллар саткан (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен). Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери жетинчи ирет, ал эми бул айда төртүнчү ирет интервенция жасады. Ошентип март айында эле Улуттук банк валюта рыногунда 109,7 млн доллар сатты (ал эми жыл башынан бери 196,2 млн доллар).

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-март күнү доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллар 73 сомдон сатып алынып, 85 сомдон сатыла баштаган. Айрым банктарда доллар сатылбай калган.

Пикир

Оставить комментарий