• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-чакырымында (Долон ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, натыйжада унаа оодарылып кеткен. Кырсык 17-сентябрь күнү болжол менен саат 10:10до катталган.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, кырсыктын кесепетинен эки эркек киши жабыркаган. "Жабыркаган адамдар жолдон өткөн унаалар аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий