• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Домодедово аэропортунда кыргыз жараны унаасы менен полиция кызматкерин коюп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.17 /Кабар/. Москванын Домодедово аэропортунда документтерин текшерүүнү каалаган полиция кызматкерин айдоочу коюп кеткен. Окуя аэропорттун бекеттинде болгон-,деп жазат РБК.

Айдоочу из жашырып кеткен, учурда аны укук коргоо органдары издөөдө. Интерфакс билдиргендей, айдоочуну кармоо учурунда ага башка айдоочу тоскоолдук көрсөтүп, окуя болгон жерден ал дагы унаага түшүп из жашырып кеткен.

“360” телеканалы булактарга таянып маалымдагандай, эки шектүү тең Кыргызстандын жарандары. Аэропортто алар лицензиясыз иштеп, жүргүнчүлөрдү Домодедоводон метрого чейин ташып жүрүшчү.

Пикир

Оставить комментарий