• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дональд Трамп БУУну реформалоо керектигин айтты

Дүйнө 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп БУУ өз ролун аткарбай жатканын айтып, уюмду реформалоого чакырды. Трамптын пикиринде, БУУнун өнүгүшүнө бюрократия, туура эмес башкаруу, өтө чоң чыгымдар жана кызматкерлеринин көптүгү себеп болууда.

АКШ президенти уюмдун ишинин жыйынтыктары ага бөлүнүп жаткан каражаттын көлөмүнө дал келбей жатканын белгиледи. Ал мындай көз карашын дүйшөмбүдө БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесинде билдирди. Трамп БУУну реформалоо маселесинде дүйнө лидерлеринин колдоосун табам деп үмүттөнүп жатканын айтты.

АКШ президенти БУУну Кошмо Штаттарга болгон дүйнөдөгү ишенимди калыбына келтирүүгө үндөдү. Трамп буга жетишүү үчүн уюм башкаруунун бардык деңгээлиндеги отчёттуулукту колдоп, «процесстерге эмес, жыйынтыктарга көңүл бурушу» керек деп эсептейт.

АКШ БУУга эң көп каражат бөлгөн өлкө. Былтыр 2,5 миллиард доллардан ашык сумманы түзгөн уюмдун туруктуу бюджетине 600 миллион доллар которгон. Андан тышкары Вашингтон жыл сайын БУУнун тынчтык орнотуу миссиялары үчүн 2 миллиард жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Балдар кору өңдүү уюмдун түрдүү программаларына жүздөгөн миллион доллар бөлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий