• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дональд Трамп: Эч качан Россия үчүн иштеген жокмун

Дүйнө 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп эч качан Россия үчүн иштебегендигин айтты. Бул тууралуу Вашингтондогу "Ак үйдүн" алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип атып билдирди.

Трамп журналисттин Орусия менен кандайдыр бир байланышы тууралуу суроосуна: "Муну сураганыңдын өзү уят. Себеби бул абдан чоң алдамчылык", – деп жооп берди.

New York Times гезитинин кабарына караганда, Трамптын FBI төрагасы Жеймс Комини жумуштан чыгаруусунан кийинки мамилесинин улуттук коопсуздукту коркутуп же коркутпагандыгына байланыштуу териштирүү башталган болчу.

Кабарда FBI өзгөчө Трамптын "билип туруп" Орусия үчүн иштеп же иштебегендиги же "байкабастан" Россиянын таасири астында калып же калбагандыгы иликтенгендиги ортого салынган, деп жазат trt.net.tr.

FBI 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда Трамптын Россия менен байланышынын бар экендигинен шектенилгендиги белгиленген кабарда Трамп кызматка келген 2017-жылы ушул негиздер менен байланыштуу айтылгандарды териштирген FBI төрагасы Жеймс Комини жумуштан алуусунун шектенүүлөрдү күчтөндүргөндүгү билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий