• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугуу үчүн Вьетнамга сапар алды

Дүйнө 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп 25-февралда Вашингтондон Вьетнамга учуп кетти. Ал бул жакта Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен экинчи саммиттин өткөрөт.

Эки өлкөнүн башчылары 27-28-февралда корей өзөктүк программасын талкуулоо үчүн Ханой шаарында жолугушат.

Трамп Вашингтондон чыгар алдында Твиттерге “денуклеаризациядан кийин Түндүк Корея бат эле экономикалык өсүштүн генератору болот. Ансыз – мурда кандай болсо, ошондой бойдон калат. Төрага Ким туура чечим кабыл алат”, деп жазды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн чопкутталган поезди менен Пхеньяндан Ханойго 23-февралда жөнөп кеткен. Вьетнамга 26-февралда жетет.

Алгачкы саммит былтыр 12-июнда Сингапурда өткөн. Анда эки тарап “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну” үстүртөн макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий