• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дональд Трамп "шатдаун" үчүн Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумга барбайт

Дүйнө 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Давосто өтө турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга баруудан баш тартты.

Бул тууралуу Дональд Трамп Твиттердеги барагына жазды. Сапардан баш тартууга Конгресстеги демократиялык көпчүлүк менен Мексика чек арасында дубал тургузууга катыштуу пикир келишпестиктер себеп болгон.

“Чек ара коопуздугу боюнча өтө маанилүү маселеде демократтар менен позициябыз дал келбей калгандыктан, Давосто өтө турган Буткүл дүйнөлүк экономикалык форумга барбайм”, – деп жазды Трамп. Ал форумду уюштуруучулардан кечирим сурады.

Ага чейин Трамп дубалдын курулушуна деп Конгресстен 5,7 миллиард доллар сураган. Бирок Конгресстеги көпчүлүктү түзгөн демократтар долбоорду каржылоодон баш тартышкан. Буга байланыштуу өлкөнүн федералдык өкмөтү жарым-жартылай ишин токтоткон. 22-декабрдан тарта 800 миң америкалык мамлекеттик кызматкер айлык алган жок. Bloomberg маалымдагандай, бул ар эки апта сайын өндүрүштүн көлөмүнүн 0,1% кыскарышына алып келет.

10-январда Трамп Мексика менен чек арада дубал тургузуу маселеси чечилбесе, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилиши мүмкүн экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий